Ссылки доступа

Ала качуу: Кечир, Бурулай! (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Шекер: жазуучунун айылына саякат. Таластагы "3-каналдын" жамааты "Азаттыктын" "Мен билген Айтматов" аттуу сынагына видео тартып жиберишти. Бул тасмада улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган айылы Шекердеги маданият үйү, музей жана ачык асман алдындагы музейи тууралуу маалымат берилет. (видео)

-Жөрмөлөгөн бөбөктөрдүн жарышы өттү. Ошто “Менин алгачкы ийгилигим” деп аталган жөрмөлөгөн бөбөктөрдүн мелдеши өттү. Анда буту баса элек балдар килем үстүндө беш метр аралыкка жөрмөлөп жарышышты. Ага 6 айдан 1 жашка чейинки 70ке жакын бала катышты. Мындай мелдеш Ошто биринчи жолу болуп жатат. (видео)

-Салянова: Соттор президентке саботаж кылды. Жогорку Сот жакында мурдагы инстанциядагы соттордун айыптоо өкүмүн күчүндө калтырган мурдагы баш прокурор, саясатчы Аида Салянова “Азаттыкка” маек курду. Анда Салянова даттануу арызын караган Жогорку Соттун коллегиясы учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун сот реформасы боюнча талабына саботаж кылды деген пикирин билдирди. Ошондой эле бул сот чечими боюнча жаңы жагдайларды аныктап, кайра каратууга аракет кыларын кошумчалады.(видео)

-Ала качуу: Кечир, Бурулай! Ала качуу оор кылмыш болгонуна карабастан эмне үчүн бул көрүнүш токтобой жатат? Буга тарбиянын жоктугу, үй-бүлө куруу жоопкерчилигинин аздыгы жол берүүдөбү же дагы эле аны салт деп эсептеген көз караш күчтүү болуп жатабы? "Азаттык плюс" бүгүн ушул суроолорго жооп издеди. (видео)

- Жумабеков: Кыргызстанда саясий куугунтук жок. (видео)

- Тогуз баланын тоодой бактысы (видео)

- " Биз СССРде жашабайбыз!" Тажик жаштары чет өлкөгө уруксат менен чыгууга каршы. (Настоящее время)

- The Spirit of Tengri фестивалы. (сүрөт баян)

- "Султони Кабирдеги" өрт. Тажикстандагы ири базарда өрт чыкты (видео)

- Бабченкону өлтүрүүгө шектелген кишинин изи кайда алып барат? (Настоящее время)

-Испания премьерине биринчи жолу ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү (видео Директ)

-Грузиядагы нааразылыктар: эмне үчүн миңдеген киши өкмөттүн отставкасын талап кылууда? (Настоящее время)

- Түркмөнстан. Апта сүртүмдөрү. (сүрөт баян)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG