Ссылки доступа

Кытай Кыргызстанга 70 миллион доллар грант бөлөт


Кыргызстан менен Кытай өкмөттөрү эки келишимге кол коюшту. Анын алкагында Пекин Бишкекке 450 миллион юань (70 миллиондон ашык доллар) грант берет.

Экономика министрлиги билдиргендей, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда техникалык-экономикалык кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Анын алкагында 350 миллион юанга Бишкек шаарындагы жолдор оңдолот.

Мындан тышкары, Кум-Дөбө (Кочкор Башы), Мынакелди жана Бурана (Баласагын) шаарчаларындагы археологиялык казуу, реставрациялоо, консервациялоо иштери үчүн 100 миллион юань бөлүнөт.

Экономика министрлиги Бишкектеги жолдорду оңдоо иштери үч фазада ишке ашарын, учурда биринчи баскычтагы жумуштар жүрүп жатканын түшүндүрдү. Гранттык 350 юань кайсы фазада колдонулары кошумча келишим менен аныкталат.

2018-жылы Бишкекте 105 чакырымга созулган 50дөн ашуун көчөнү оңдоо пландалууда.

XS
SM
MD
LG