Ссылки доступа

Лондон арам акчаны иликтөөнүн масштабын кеңейтти


Британиянын кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Улуттук агенттиги арам акчаны иликтөөнүн масштабын кеңейтүүдө. Бул тууралуу жекшембиде “Санденс Таймс” гезити аталган агенттиктин бөлүм башчысы Дональд Тунга таянып жазып чыкты.

Тун Британиядагы коррупциялашкан элита жана алардын мыйзамсыз жол менен табылган байлыгын дыкат иликтеп жатышканын билдирет.

Гезиттин британ өкмөтүндөгү дагы бир булагы Улуттук агенттиктин бутасына алынгандардын бир тобу “орусиялыктар же Орусияга байланышы бар адамдар” экенин айткан.

Кеп “президент Путин менен байланышы бар олигархтар жана мультимиллионерлер жөнүндө” деп белгилейт “Санденс Таймс”. Ал тизмеге киргизилген 130 кишинин Британиядагы байлыктары камакка алынышы да ыктымал.

2017-жылы Британияда "кылмыштуу жол менен табылган каражат" тууралуу мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, шектүүлөр 50 миң фунт стерлингден жогору бааланган байлыгы кандайча табылганын түшүндүрүп бериши керек.

XS
SM
MD
LG