Ссылки доступа

Түркмөн бийлиги көз карандысыз ММКлардын окурмандарын түрмө менен коркутууда


Түркмөн бийлиги маалымат алуу үчүн көз карандысыз интернет сайттарга жана социалдык түйүндөргө кирген жарандарды кайрадан куугунтуктоодо.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, Түркмөнабад шаарынын жашоочусу альтернативдүү маалымат булактарындагы жаңылыктарга кызыкканы үчүн полицияга чакырылган. Укук коргоо кызматкерлери ал бул аракети үчүн эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин эскерткен.

“Азаттык радиосунун “Одноклассниктеги” баракчасына киргеним үчүн мурдагы күнү Түркмөнабад шаарынын администрациясына чакырышты. Алар мени түрмөгө отургузабыз деп коркутушту”, -деди атын атагысы келбеген түркмөнабаддык жаран.

Түркмөнстанда бардык массалык маалымат каражаттары мамлекеттик болуп эсептелет.

Бул арада Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары Вепа Хаджиев 7-майда өткөн жыйында “Азаттыктын” түркмөн кызматы тоскоолдуксуз иштерин, өлкөдө сөз эркиндигине чектөө жок экенин айткан.

XS
SM
MD
LG