Ссылки доступа

Казакстанда менингитке каршы жапырт эмдөө болбойт


Жыл башынан бери Казакстанда менингококк инфекциясынан 12 адам каза болгон. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов бүгүн Астанадагы брифинг маалында билдирди.

Анын айтымында, бейтаптардын өлүмүнүн көбү алардын дарыгерлерге кеч кайрылгандыгына байланыштуу. Анткен менен министр бүгүнкү күндө өлкөдө бул ооруга каршы жапырт эмдөө иштерин жүргүзүү зарылдыгы жок экенин билдирди.

«Өткөн жумада Инфекциялар боюнча улуттук координациялык комитеттин жыйыны өттү. Анда азырынча эмдөө баштоого эрте деген чечим кабыл алынды. Ал учурда таптакыр натыйжасыз жана көп чыгым алып келген иш-чара болот», — деди Биртанов.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө адамдар бул ооруга чалдыккан 58 учур катталган. «Каза болгондордун саны 12. Ооруга чалдыккандардын 18ин 14кө чыга элек, бешөөсүн төрткө чыга элек балдар түзөт. Булар менен кеминде 4 136 киши байланышта болгон жана учурда алар антибиотикалык дарылануудан өтүп жатышат», — деди министр.

Медиктер бул ооруну жуктуруп албоо үчүн жарандарды эл көп чогулган жерлерге барбай туруу кеңешин беришүүдө. Менингококк инфекциясы Neisseria meningitidis деп аталган бактериялардан жаралып, түрдүү симптомдор менен коштолот.

XS
SM
MD
LG