Ссылки доступа

Жумабеков: Кыргызстанда саясий куугунтук жок (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Жумабеков: Кыргызстанда саясий куугунтук жок. Парламент төрагасы Дастан Жумабеков акыркы мезгилдеги Жогорку Кеңештин активдешүүсүнүн себеби, өлкөдөгү парламентаризмдин келечеги жана мурдагы премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөткө ишеним көрсөтпөөнүн буга чейин белгисиз болгон жагдайлары тууралуу айтып берди. (Директтен видео)

- Данисте: Балам бактым, балам базарым. Грузияда өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылган митинг уланып жатат. Европа борборлорунда ушул аптада кайрадан Иран маселеси талкууланат. Казакстанда быйыл жыл башынан бери менингококк инфекциясы менен 58 адам ооруп, алардын 12си кайтыш болду. (Директтен видео)

- Руслан Акун: Намыстан бийик эмне бар? «Салам, Нью-Йорк», «Апамды издеп» тасмаларынын автору Руслан Акун учурда Чолпон-Ата ат майданында «Көк бөрү» аттуу тасма тартууда. Тасма «Көк пар» деген аталыш менен Казакстанда да көрсөтүлөт. Режиссер тасманы тартуу учурунда ат тээп, белинен жабыркаган. Ал жаракатына карабай төшөктө жатып алып ишин улантууда. (Директтен видео)

- Бакиевдин байлыгын Британия текшереби? Британияда шектүү кыймылсыз мүлк же күмөн жараткан байлыкты иликтөөгө жардам берген жаңы мыйзам иштей баштады. Анын алкагында кеминде бир саясатчыга Англиядагы 22 миллион фунт стерлингдик турак жайын кайсы акчага сатып алганын түшүндүрүү талабы коюлду. Бул мыйзам мурдагы кыргыз президентинин уулу Максим Бакиев жашайт делген Лондондун четиндеги «хансарайдын» таржымалын иликтөөгө жол ачышы мүмкүнбү? (Кыргызстандан видео)

- Менингиттин жаңы курмандыктары. (Казакстандан видео)

- Таза суусуз айыл. Казакстандагы Кауык айылынын тургундары ичүүчү сууну үч жарым чакырым алыстыктан ташып ичишет. (Казакстандан видео)

- «Эркектер өбүшсө - полицияга кайрылып, көңүл бурууга чакырабыз» — казактар футбол чемпионатына даярданышууда. (Настоящее время)​

- «Биз СССРде жашаган жокпуз!». Тажик жаштары чет өлкөгө уруксат менен чыгууга каршы. (Настоящее время)

- Бир маалда 14 баланы тарбиялаган бул аял миллионер болду. (Директтен видео)

- Ошто жөрмөлөгөн бөбөктөрдүн жарышы өттү. (Кыргызстандан видео)

- Казакстандык теннисчи Юлия Путинцева Париждеги Roland Garros мелдеште чейрек финалга чыкты. (сүрөт баян)

- Арал деңизине жакын аймакта көптөн күткөн жамгыр жаады. (Өзбекстандан видео)

- Забайкалье чабаны — жашоосу жана жери жөнүндө. (Настоящее время)

- Популярдуулугу жагынан Орусия ТВсында үчүнчү орунда турган юмористтик берүү эмне жөнүндө «ташалайт»? (Директтен видео)

- Борис Герман деген ким? Бизнесмен, Украина контрчалгындоо кызматкери журналист Аркадий Бабченкону өлтүрүүнү уюштурууга шектелүүдө.

- Бабченкону өлтүрүүгө шектелген кишинин изи кайда алып барат? (Настоящее время)​

- 129чу туулган күн. Эгер анын паспортунда жазылгандар чын болсо, анда Кока Истамбулова дүйнөдөгү белгилүү адамдардын эң улуусу. (видео)

- Испанияда алгачкы жолу премьерге ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү. (Директтен видео)

-Грузиядагы нааразылыктар: эмнеге миңдеген киши өкмөттүн отставкасын талап кылууда? (Настоящее время)

- Дагестан жоолуктары Махачкала музейине коюлду. (сүрөт баян)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG