Ссылки доступа

Соттун чечими менен «Азаттыктын» азери кызматынын сайты бөгөттөлгөн бойдон калды


Баку соту «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Азербайжан редакциясынын сайтына коюлган бөгөттү алып салуу боюнча арызын канааттандырган жок.

4-июнда Бакунун кассациялык соту Azadliq.org сайтына бөгөт коюу тууралуу өлкөнүн Транспорт, байланыш жана жогорку технологиялар министрлигинин чечимин туура деп таап, аны өзгөртүүгө зарылчылык жок деген өкүм чыгарды.

Azadliq.org сайтына бөгөт коюу жөнүндө сот былтыр чечим чыгарган. Тиешелүү арыз менен Башкы прокуратура кайрылган. Прокуратура маалымат каражаты улуттук коопсуздукка «коркунуч жаратат» деп билдирген.

12-майда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Томас Кент сайттын бөгөттөлүшү радионун бул өлкөдөгү окуяларды чагылдыруусуна жол бербөөгө багытталган максаттуу өнөктүктүн бир бөлүгү экенин билдирген.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун доо арызы боюнча угуулар 27-апрелде башталган. 12-майда Баку соту сайтка бөгөт коюу боюнча Байланыш министрлигинин талабы мындан ары дагы аткарылышы керек деген чечим кабыл алган.

XS
SM
MD
LG