Ссылки доступа

Путин АКШга карата контрсанкциялар тууралуу мыйзамга кол койду


Владимир Путин
Владимир Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ жана анын өнөктөштөрүнүн сакцияларына жооп берүү тууралуу мыйзамга кол койду. Документти майдын аягында Федерациялар кеңеши жактырган.

22-майда мыйзам долбоорун Орусиянын Мамлекеттик думасы үчүнчү, акыркы окууда кабыл алган. Анда документтен бир топ сунуштар, анын ичинде контрсанкциялардын объектиси болушу мүмкүн болгон товарлар менен кызматтардын конкреттүү тармактары чыгарылып, аларды аныктоо укугу өкмөткө берилген. Ошондой эле жооп чаралардын катарынан Орусияга импорттук дары-дармектерди алып кирүү чектөөсү алынган. Буга чейин бул тууралуу бейтаптарга жардам берүү менен алектенген бейөкмөт уюмдар суранышкан.

«АКШнын жана башка өлкөлөрдүн карасанатай аракеттерине жооп берүү чаралары тууралуу» мыйзам долбоору Мамлекеттик думанын кароосуна 13-апрелде алынып чыккан. Анын алгачкы версиясында Орусияга айыл чарба азыктарын, сырьелорду, медикаменттерди, алкоголь ичимдиктерин жана тамеки алып кирүүгө тыюу салуу сунушталган.

XS
SM
MD
LG