Ссылки доступа

Азия: жашырылган мыйзам долбоору (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Азия: жашырылган мыйзам долбоору. Казакстан бийлиги жаңы мыйзам долбоору менен мамлекеттик эмес уюмдардын жашоосун кыйындатты — анын толук тексти коомчулуктан жашырылууда. Кыргызстанда майып балдардын апалары 10 жылдан бери мамлекеттин көңүлүн бурдура албай келишет. (Настоящее время)​

- Сот Каромат Шариповдун Тажикстан ИИМине каршы жазган доосун канааттандырган жок. Душанбенин Исмоили Сомони райондук соту «Тажик эмгек мигранттары» деп аталган бүткүл орусиялык кыймылдын мурдагы башчысы Каромат Шариповдун Тажикстан Ички иштер министрлигине жазган доосун канааттандыруудан баш тартты. (Тажикстандан видео)

- Кыргызстанда майып балдары бар апалар мамлекеттин көңүлүн бурдура албай келишет. (Директтен видео)​

- Менингиттин жаңы курмандыктары. (Казакстандан видео)

- Таза суусуз айыл. Казакстандагы Кауык айылынын тургундары ичүүчү сууну үч жарым чакырым алыстыктан ташып ичишет. (Казакстандан видео)

- «Биз СССРде жашаган жокпуз!». Тажик жаштары чет өлкөгө уруксат менен чыгууга каршы. (Настоящее время)

- Ошто жөрмөлөгөн бөбөктөрдүн жарышы өттү. (Кыргызстандан видео)

- Казакстандык теннисчи Юлия Путинцева Париждеги Roland Garros мелдеште чейрек финалга чыкты. (сүрөт баян)

- Арал деңизине жакын аймакта көптөн күткөн жамгыр жаады. (Өзбекстандан видео)

- Сенцов менен Кольченконун апалары жолугуп, президент Порошенкого кайрылышты. Людмила Сенцова менен Лариса Кольченко балдары камакка алынган төрт жылдан бери алгачкы жолу Крымда жолугушту. Алар Орусиянын түрмөлөрүндө ачкачылык кармап жаткан Олег менен Александрды бошотуу үчүн болгон аракетин көрүү өтүнүчү менен Украина президенти Петр Порошенкого кайрылышты. (Настоящее время)

- Тыңчылык үчүн 12 жыл. Москва шаардык соту 2016-жылы Орусияда тыңчылыкка айыпталып кармалган украиналык журналист Роман Сущенкону 12 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. (Директтен видео)

- Киев 23 орусиялыкты Сенцовго жана башка саясий туткундарга алмаштырууга даяр экенин билдирүүдө. (Настоящее время)

- Забайкалье чабаны — жашоосу жана жери жөнүндө. (Настоящее время)

- Крымдагы орусиялык десанттар. Орусия бийлиги оккупацияланган жарым аралда аба десантынын батальонун түздү. Мындай аскер бөлүгү Крымда Советтер Союзу маалында да болгон эмес. (Директтен видео)

- Иттер диабет менен ооругандарга жардам беришүүдө. (Директтен видео)

- «Оппозициянын тактикалык жеңиши». Саясат таануучу Кишинев мэрин шайлоо тууралуу. (Настоящее время)

- 129чу туулган күн. Эгер анын паспортунда жазылгандар чын болсо, анда Кока Истамбулова дүйнөдөгү белгилүү адамдардын эң улуусу. (видео)

- Апта ичиндеги Крымдын көрүнүктүү сүрөттөрү. (сүрөт баян)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG