Ссылки доступа

Кулундуда чек арадагы жаңжал боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү өтүп жатат


Баткендин Кулунду айылында ушу тапта кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү өтүп жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун Баткендеги кабарчысы билдирди. Жолугушууга мамлекеттик каттоо, прокуратура органдарынын райондук деңгээлдеги жетекчилери катышып, чек арадагы 4-июндагы окуяны талкуулоодо.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жаңжалга тажикстандык чек арачылардын мыйзамсыз аракеттери себеп болгонун билдирди.

Мекеменин коомчулук менен байланыш бөлүмү тараткан билдирүүдө 4-июнда кечке жуук Лейлек районунун Максат айылында кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда чатак чыкканы ырасталган.

Маалыматка караганда, тажик чек арачылары биринчи болуп эскертүү иретинде асманга ок аткан. Анда ошого чейин тажикстандык аскерлер макулдашыла элек линиядан өтүп келип, “Футбол талаасы” участогунда соода кылган Кыргызстандын жарандарын кубалаганы, бул аракет мыйзамсыз болгону, алар кыргыз тараптын "маселени мындай жол менен чечүүгө болбойт" деген эскертүүсүнө жана макулдашылбаган участоктон чыгып кетүү тууралуу талабына баш ийбей, мушташка себепкер болгону, андан кийин асманга ок атканы жазылган.

Ал эми тажик тараптын айтымында, окуяга тажик чек арачыларынын кыргызстандык эки соодагерди өткөрбөй койгону себеп болгон. Согди облусунун башчысынын биринчи орун басары Рустам Рахматзода “Азаттык” радиосунун тажик кызматына “эки соодагерди киргизбей койгондон кийин чек ара тилкесине 20 чакты кыргыз жараны келип мушташ баштаганын” айтып берди.

"Ушул окуяда тартылган" деген видео Интернеттеги социалдык тармактарга да тарады. Анда кыргызча сүйлөгөн аскер кийимчен, колуна курал-жарак кармаган жоокерлер башка аскер адамдары менен жаңжалдашып жатканын көрүүгө болот. "Азаттыкка" жергиликтүү тургундар жиберген сүрөттөрдө кармалган тажикстандык чек арачыларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатканы тартылган.

XS
SM
MD
LG