Ссылки доступа

Өзбек мусулмандары битир-садакаларды Интернет аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн алышты


Өзбекстанда Click компаниясы «Вакф»  кайрымдуулук фондунун көмөгү менен милдеттүү жана ыктыярдуу төлөмдөрдү Интернет жана мобилдик байланыш аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн киргизди.

Ага ылайык, өзбекстандык мусулмандар каалаган учурда каалаган жерде битир-садака, зекет жана башка ыктыярдуу жана милдеттүү төлмөдөрүн жүргүзө алышат.

«Вакф» кайрымдуулук фонду Юстиция министрлигинде быйыл май айында каттоодон өткөн. Фонддун башкы максаты – мечиттерди, зыярат жайларын жана башка объектилерди каржылоо, материалдык-техникалык жактан камсыздоо жана бул тармактын кызматкерлерине материалдык колдоо көрсөтүү болуп эсептелет.

Исламда кайрымдуулук негизинен төрткө бөлүнөт. Биринчиси – муктаж кишилерге кайыр-садака берүү, кийинкиси – милдеттүү түрдө зекет төлөө, үчүнчүсү – муктаждарга үстөгү жок насыя берүү, акыркысы –«вакф»– колдонулбаган мал-мүлкүн, айрыкча кыймылсыз мүлкүн кайрымдуулукка жумшоо.

XS
SM
MD
LG