Ссылки доступа

Наристенин балалыгын уурдабайлы (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

-Сапар Исаков камакка алынды. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаев чыгарды. (видео)

-Жанкечтилерге каршы фатва чыкты. Гватемалада жанар тоонун атылуусунан өлгөндөрдүн саны 70 кишиге жакындады. Ооганстанда диний лидерлер жанкечтилердин жардыруулары исламга каршы келерин билдирген фатва кабыл алышты. Казакстанда бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр жашыруун кабыл алынды. (видео)

-Наристенин балалыгын уурдабайлы. “Эже-сиңдилер” берүүсүндө кенже курактагы балдарды өнүктүрүү жаатындагы өксүктөр тууралуу баарлашуу болду. Көрсөтүүгө активист Гуля Алмамбетова, алып баруучу, үн режиссёру Назгүл Жамгырчиева, педагог Асылбек Жооданбеков катышты. (видео)

- Данисте: Балам бактым, балам базарым. Милиция бөлүмүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Бурулайдын трагедиясы боюнча бийлик кайрылуу жасабаганы сынга кабылды. Баткенде 20 жылда корук түптөгөн жазуучунун максаты. Кочкордо кооптуу мектепте билим алган окуучулар. Жети-Өгүздө тогуз балалуу жаш үй-бүлө дагы перзенттүү болууну каалайт. (видео)

- Таза суусуз айыл. Казакстандагы Кауык айылынын тургундары ичүүчү сууну үч жарым чакырым алыстыктан ташып ичишет.(Казакстандан видео)

- Гватемалада жанар тоо атылып, кишилер тирүүлөй күйүп кетишти. (видео Настоящее время)

- Кыргызстанда майып балдары бар апалар мамлекеттин көңүлүн бурдура албай келишет. (Директтен видео)​

- «Биз СССРде жашаган жокпуз!». Тажик жаштары чет өлкөгө уруксат менен чыгууга каршы. (Настоящее время)

- Ошто жөрмөлөгөн бөбөктөрдүн жарышы өттү. (Кыргызстандан видео)

- Казакстандык теннисчи Юлия Путинцева Париждеги Roland Garros мелдеште чейрек финалга чыкты. (сүрөт баян)

- Арал деңизине жакын аймакта көптөн күткөн жамгыр жаады.(Өзбекстандан видео)

- Забайкалье чабаны — жашоосу жана жери жөнүндө. (Настоящее время)

- Крымдагы орусиялык десанттар. Орусия бийлиги оккупацияланган жарым аралда аба десантынын батальонун түздү. Мындай аскер бөлүгү Крымда Советтер Союзу маалында да болгон эмес. (Директтен видео)

- Иттер диабет менен ооругандарга жардам беришүүдө. (Директтен видео)

- «Оппозициянын тактикалык жеңиши». Саясат таануучу Кишинев мэрин шайлоо тууралуу. (Настоящее время)

- 129чу туулган күн. Эгер анын паспортунда жазылгандар чын болсо, анда Кока Истамбулова дүйнөдөгү белгилүү адамдардын эң улуусу. (видео)

- Апта ичиндеги Крымдын көрүнүктүү сүрөттөрү. (сүрөт баян)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG