Ссылки доступа

Amnesty International: коалиция Раккадагы кишилердин өлүмү үчүн күнөөлүү


Былтыр жайында Ракка шаарын “Ислам мамлекети” террордук тобунан бошотуу жүздөгөн жарандардын өлүмүнө алып келди. Бул тууралуу Amnesty International укук коргоо уюмунун жаңы баяндамасында айтылат.

Amnesty International белгилегендей, коалициянын соккуларынан улам калк жыш отурукташкан аймактар туткунга кабылган. Үйлөр жана шаар инфраструктуралары кыйраган. Ошол эле маалда аскерлер “Ислам мамлекети” тобунун жоочуларына жазасыз калаадан чыгып кетүүгө уруксат беришкен.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча Раккадагы сокуулардын 90 пайызы америкалык аскерлерге таандык. Операциялардын калган бөлүгүнө Улуу Британия жана Франция жооп берген. Баяндамада коалициянын чабуулдары тандалма болгону айтылат.

Amnesty International коалициянын аракети боюнча бир дагы иликтөө жүрбөгөнүн билдирип, эл аралык укуктун бузулушу жана карапайым жарандардын өлүмү боюнча иш ачууга чакырат. Мындан тышкары Ракка шаарынын жашоочуларына кенемте төлөнүшү керек деп эсептейт.

Баяндама авторлору Раккага 2018-жылы февралда келишкен. Алар бомбалоодон зыян тарткан 42 районду кыдырып, аскердик операциядан аман калган 100дөн ашуун күбө менен маектешкен. Уюм спутниктен тартылган сүрөттөрдү жана башка ачык маалыматтарды иликтеген.

Сириянын түндүк-чыгышындагы Ракканы “Ислам мамлекети” тобу 2013-жылы ээлеп алган жана ал толугу менен халифатчылардын көзөмөлүнө өткөн алгачкы сириялык шаар болгон. 2017-жылы октябрда калаа жоочулардан бошотулган. Бийлик менен болгон макулдашууга ылайык, болжол менен төрт миңдей киши, алардын арасында “Ислам мамлекети” тобунун жоочулары Раккадан чыгып кетишкен. БУУнун маалыматы боюнча аскердик операция тушунда шаардагы үйлөрдүн 80 пайызы кыйрган.

Коалиция Сириядагы радикалдуу исламисттер менен 2014-жылдан тарта күрөшүүдө. Сириядагы Орусия аскер компаниясы 2015-жылы 30-сентябрда башталган. Коалиция Москваны бир нече жолу адам укуктарын жапырт бузууга айыпталган Сирия президенти Башар Асаддын режимин колдоого күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG