Ссылки доступа

Бишкекте ала качууга каршы акция өттү


Бир жарым миңдей студент Бишкек шаарынын борбордук аянтында ала качууга каршы акция өткөрүштү. Алар колуна «Биз кыз ала качууга каршыбыз», «Ала качуу салт эмес, кылмыш» деген жазууларды кармап чыгышкан. Акция концерттик шоу-программа менен коштолду.

Акцияга Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев, Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева да катышты.

Министр мындай флешмобдор борбор калаа менен эле чектелип калбастан, өлкөнүн башка аймактарында да өтө турганын айтты. Ал мугалимдер да окуучуларга ала качуу тууралуу лекция окуй турганын кошумчалады. Иш-чара асманга шарларды учуруу менен аяктады.

Кыз ала качуу көйгөйү Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнөн кийин коомчулукта кайрадан катуу талкууга жем таштаган.

27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызын ала качып бараткан киши кармалгандан кийин аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган. Кандуу окуя Кыргызстандагы кыздардын укуктарынын сакталышын, кыз ала качуу көйгөйүн күн тартибине алып чыкты.

Маркумдун жакындары окуя үчүн милицияны айыптап, кыздын өлүмүнө күнөөлүү адамдарды жазалоону талап кылууда. Прокуратура окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси ("Шалаакылык") менен кылмыш ишин козгогон.

XS
SM
MD
LG