«Көмүскө банк» түзүп алган кишилер «Deniz otel» мейманканасынын алдында жайгашып, түркмөнстандык банк кызматкерлери менен иш алып барары болжолдонууда.
«Азаттыктын» түркмөн кызматы маалымдагандай, Стамбулдагы «түркмөн көмүскө банктары» эмгек мигранттарынын төлөм карталарынан каалаган суммада акча чыгарып беришүүдө. Түркмөнстандыктар үчүн VISA карталарын колдонуу кыйынчылык жаратып жаткан маалда бул кызмат Стамбулда популярдуу болууда.
«Алар мага түркмөн банктары тарабынан берилген картадан каалаган акчаны алып берүүнү сунушташты. Ар бир 50 доллар үчүн 8 доллар (16 %- ред) кармашат экен»,- деди Арслан аттуу түркмөнстандык эмгек мигрант.
Түркмөнстанда VISA карталарына киргизилген чектөөлөр бийлик тарабынан жыл сайын катаалдаштырылып келет.