Ссылки доступа

ЭЕ/АР азери кызматынын сайтынын бөгөттөлүшү боюнча даттанат


«Эркин Европа/Азаттык» радиосу Азербайжандын Жогорку сотунун 4-июнда «Азаттыктын» азери кызматынын веб-сайтын жабуу тууралуу өкмөттүн чечимин колдогонуна өкүнүчүн билдирди.

Радиостанция муну сөз эркиндигине кысым катары баалайт жана чечимди өзгөртүш үчүн мүмкүн болгон бардык аракеттерди уланта бермекчи.

«2014-жылы Азербайжан бийлиги мыйзамдык эрежелерди жана укуктук негиздерди эске албастан, биздин Бакудагы бюробузду жапкан. Ошондо биз жана башка бардык эле эркин жалпыга маалымдоо каражаттары коркунучта экенин түшүнгөнбүз. Бул өз алдынча жалпыга маалымдоо каражаттарын басуу үчүн мамлекеттик бийликти көз-көрүнөө колдонуу», — деди «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Томас Кент.

Азербайжанда Жогорку соттун чечими боюнча өлкө ичинде даттанууга мүмкүн эмес. Мындай тыюу былтыр мартта azadliq.org сайтына бөгөт коюу үчүн өлкөнүн башкы прокурору тарабынан демилгеленген. Анда башкы көзөмөл органы сайт «улуттук коопсуздукка коркунуч» келтирет жана «зомбулукту, жек көрүүчүлүктү жана ушакты» пропагандалайт деп билдирген. «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун интернет-сайтка коюлган бөгөттү алуу боюнча буга чейинки эки жолку сунушу четке кагылган. Бирок Азербайжандын бийлиги өз билдирүүлөрүн ырастаган далилдерди көрсөтө алган эмес.

Азербайжандагы президенттик шайлоо маалында киргизилген бул тыюу эл аралык укук коргоо уюмдарынын сынына кабылган. Журналисттерди коргоо комитети быйыл 6-апрелде «Азербайжан бийлиги өлкөдөгү саясий ландшафтты бардык эркин пикир билдирүү ыкмаларынан тазалаганын» билдирген.

Өкмөттүн чектөө койгонуна карабастан, өлкөдө «Азадлыг» деген ат менен белгилүү радионун Азербайжан кызматы онлайн жана жандооч аркылуу миллиондогон өз аудиториясын жаңылыктар менен камсыз кылган булак болуп келе жатат. 2017-жылы кызматтын «Ютубдагы» жана «Фейсбуктагы» баракчаларындагы видеолору 90 миллион жолу көрүлгөн.

XS
SM
MD
LG