Укук коргоочулардын маалыматы боюнча бүгүнкү күндө Дагестанда сүннөткө отургузууга дуушар болгон кыздардын саны жылына 1240ка жетет. Жалпысынан 2018-жылдын башында республикада 3 миллиондон ашык киши жашаган.
Иликтөөнүн биринчи бөлүгү 2016-жылы күзүндө жарыяланып, кавказ республикаларында ал кызуу талкуу жараткан. Бул баяндамадан кийин Түндүк Кавказдын муфтийи «бузукулук» көйгөйүн жеңүү үчүн «дүйнөдөгү бардык аялдар сүннөткө отургузулушу керектигин» айтып чыккан.
Баяндама жарыялангандан кийин Дагестан прокуратурасы республикада текшерүү иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында жасалган операцияларды ырастаган маалыматтар табылбаганын билдирген.
Укук коргоочулар текшерүүчүлөр мындан башкача жыйынтыкка келмек эместигин белгилешүүдө.
«Аялдарды сүннөткө отургузуу – бул «жашыруун операция». Бул маселенин интимдүүлүгүн эске алсак, анда жабыркагандардын эч кимиси жаш кезинде сүннөткө отургузулганын же мындай тажрыйба дале колдонулуп келатканын айтмак эмес. Ошондой эле жабырлануучулар мындай операцияларды жасап жүргөндөр тууралуу дагы укук коргоо органдарына кабарлайт болчу. Анткени бул айылдаштарын, ал эмес жакын туугандарын прокуратурага салып берүү дегенди түшүндүрмөк», — деп билдиришкен анда укук коргоочулар.
Баяндаманын авторлору аялдарды сүннөткө отургузуу тажрыйбасын токтотууну эркектердин бул темага карата көз карашын өзгөртүү менен баштоо керек деп эсептешет. Алар аялдардын жүрүш-турушу катуу көзөмөлдө болгон патриархалдык коомдо өзгөрүүлөрдүн демилгечилери эркектер болорун белгилешүүдө. Ошондой эле укук коргоочулар светтик жана диний лидерлер аялдарды сүннөткө отургузуудан баш тартууга үндөгөн жана бул тажрыйбаны айыптаган ачык билдирүүлөрдү жасашы керектигин айтышууда.