Ссылки доступа

«KAZ Minerals Bozymchak» компаниясында тинтүү жүрдү


Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери «KAZ Minerals Bozymchak» компаниясында тинтүү жасады. Бул тууралуу компаниянын коомчулук менен байланыш департаментинин башчысы Жайыл Дадиев «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, кызматкерлер талашка түшкөн 55 млн. сомдук салыкка байланыштуу кагаздарды, документтерди текшерип чыгышты. Тергөөчүлөр ошондой эле кенден концентраттардын курамын да алып кетишти. Учурда компания штаттык режимде иштеп жатат.

Дадиев белгилегендей, кеп болуп жаткан сумма Финполдун депозиттик суммасына которулган, эми маселени сот чечет. Сот акчаны мамлекетке которуп же кайра компанияга кайтарып бериши мүмкүн. Ишти 2-июлда Бишкектин райондор аралык экономикалык соту карайт.

Буга чейин Салык кызматы «KAZ Minerals Bozymchaк» ишканасы 2014-2016-жылдар аралыгында 55 млн. сомдон ашуун салыкты төлөбөгөнүн аныктаган.

Бул ишке байланыштуу «KAZ Minerals Bozymchak» компаниясынын башкы директору Ильяс Тулекеев 26-майда кармалып, 28-майда Биринчи май райондук соту тарабынан бошотулган. Ал эми ал жетектеген ишкана 2014-2016-жылга карата 55 миллион сомдон ашуун салыкты соттук териштирүү аягына чыкканга чейинки талаштуу тартип менен 28-майда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын эсебине которгон.

Тулекеевдин үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси («Чарба жүргүзүүчү субьектилердин кызмат адамдарынын салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларынан четтеши») менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө уланууда.

«KAZ Minerals Bozymchak» «KAZ Minerals PLC» компаниясынын курамына кирет. Аталган компания Кыргызстанда 2007-жылы «Казахмыс Голд Кыргызстан» деген аталыш менен иштей баштаган. 2015-жылдын 31-октябрында «KAZ Minerals Bozymchak» болуп өзгөргөн. Компания Ала-Бука районундагы Бозумчак алтын-жез кенин иштетет.

XS
SM
MD
LG