Ссылки доступа

Стокгольм соту теракт жасоого шектелген өзбек жаранына өкүм чыгарат


Рахмат Акилов
Рахмат Акилов

Стокгольмдогу теракт иши боюнча жалгыз шектүү катары каралып жаткан 40 жаштагы Рахмат Акилов көчөдөгү адамдарга кол салуунун максаты Швецияны «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна каршы күрөштөн баш тартууга көндүрүү болгонун билдирди.

Швеция соту Өзбекстан жараны Рахмат Акиловго карата өкүмүн 7-июнда жарыялашы керек. Акилов былтыр 7-апрелде уурдалган жүк унаасы менен Стокгольм көчөлөрүндө жүргөн адамдарды атайылап тепселеткенин моюнуна алды. Анда 5 киши, анын ичинде 11 жаштагы бир кыз каза таап, ондогон адам жаракат алган.

Бул иш боюнча дээрлик үч айга созулган Стокгольм округдук сотундагы териштирүүлөр маалында күбө катары 100дөн ашык киши көрсөтмө берди. Алардын арасында каза болгондордун тирүү калган туугандары дагы бар. Соттук угуулар коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шарттарда өтүүдө.​

Соттун жүрүшүндө 40 жаштагы Акилов анын максаты Швеция өкмөтүн «Ислам мамлекетине» каршы күрөштөн баш тартууга көндүрүү болгонун айтты. Айыптоо тарап Акиловду теракт жасоого күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын сураган.

Адвокат камакка алынгандан кийин Акилов тергөөчүлөр менен кызматташканын айтып, азыраак мөөнөт берүүнү өтүнгөн.

Акилов - Швецияга Өзбекстандан барган этникалык тажик. Анын башпаанек берүү өтүнүчүн Швеция 2016-жылы четке каккан. Ал кол салардан бир күн мурда «Ислам мамлекетине» берилгендигин билдирип ант берген. Бирок анда теракт үчүн жоопкерчиликти бир дагы уюм өзүнө алган эмес. Бирок «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик жана өзбек кызматтарынын швециялык ТТ маалымат агентиги менен биргеликте жүргүзгөн иликтөөсүнүн жыйынтыгында, Акилов Стокгольмдогу кол салууга чейин, ошол маалда жана андан кийин дагы «Ислам мамлекетинин» тажикстандык жоочулары менен байланышта болгону аныкталган.

XS
SM
MD
LG