Жарандык активист Серикжан Билеш “Ертайдын камалуусуна Назарбаевдин түздөн-түз катышы бар” деген пикирин айтты. Ал Ертай Султанбек акын, композитор экенин 2007-жылы Назарбаевге “Нураганын монологу” деген поэма арнаганын белгиледи. 2008-жылы президент авторго ыраазычылык кат жөнөткөн.
Маалымат жыйыны бийликтин көңүлүн буруу үчүн Назарбаевдин Кытайдагы сапары маалында уюштурулган. Жеңишбек Султанбек инисинин диний экстремизмге катышы жок экенин билдирди. Кытайда анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралып жатканын кошумчалады.
Казакстан Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, 177 этникалык казак Кытайдан чыга албай, туткунда калган. Астана “саясий жактан кайра тарбиялоо” жайына түшкөн казактарды бошотуу боюнча Пекинге бир нече жолу кайрылган.