Ссылки доступа

Швейцария Каримовага таандык акчаларды өзбек өкмөтүнө кайтарышы мүмкүн


Өзбекстандын мурунку президентинин улуу кызына таандык жана Швейцария банктарында тоңдурулган 810 миллион АКШ долларын Ташкентке кайтаруу маселеси оң жагына чечилүүдө.

"Азаттыктын" өзбек кызматынын өз булактары билдиргендей, Берн Гүлнара Каримовага таандык делген бул акчаларды тезирээк Өзбекстанга өткөрүп берүүгө кызыктар.

– Сүйлөшүүлөр көптөн бери жүрүп жатат. Бул акчанын бир нече талапкери бар. Эгер биринчиси Өзбекстан өкмөтү болсо, экинчиси – АКШ, үчүнчүсү Zeromax насыячылары. АКШ Юстиция министрлиги Каримова жана анын шериктери каржы көз боёмочулугун АКШ банк системалары аркылуу, америка доллары менен жасашканын, буга байланыштуу акчанын бир бөлүгүн алуу укугуна ээ экенин билдирип келет. Zeromax насыячылары бул компаниянын чыныгы ээси Каримова экенин далилдей алышпады, андыктан алардын акчага ээлик кылуу мүмкүнчүлүктөрү дээрлик жок, – деди атын атабаган швейцариялык чиновниктердин бири.

“Азаттыктын” өзбек кызматы маалымдагандай, Швейцария өкмөтү тоңдурулган акчалардын чыныгы ээси Өзбекстан өкмөтү экенине ынанган жана акчаны кайтарууга макул болууда.

Швейцария прокуратурасы “кылмыш ишин иликтөө уланып жатканын” жүйө келтирип, бул боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова тууралуу акыркы маалыматты 2017-жылы 28-июлда жарыялаган. Ага ылайык, мурдагы президенттин кызы 2015-жылы августта салык төлөөдөн качуу, уурдоо, опузалоо, оффшордук компаниялардагы документтерди жок кылуу айыбы менен беш жылга соттолгон.

XS
SM
MD
LG