Ссылки доступа

Тажик жарандарына битир-садаканы маале башчыларына же имамдарга берүү сунушталды


Тажикстандын Согди облусунда маале башчысы менен жергиликтүү акимчиликтин кызматкерлери үйлөрдү кыдырып, битир-садака тапшырууну талап кылышууда. Бул тууралуу облустун жашоочулары билдиришти.

Жергиликтүү тургун ​Мирзорахим Козиевдин айтымында, мечиттерде имам-хатибдер битир-садака маале башчыларына тапшырылышы керектигин айтышууда. Эгер садака башка адамдарга берилген болсо, анда бул тууралуу дин кызматкерлерине кабар берилиши зарыл.

«Жакында эле мен битир-садаканы жетим балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөгө бергем. Мааледе биз кимдин кандай жашарын жана ким садакага муктаж экенин жакшы билебиз. Кимге берүүнү ар ким өзү чечет, буга минтип киришүү туура эмес», - деп эсептейт Козиев.

Ал маале башчыларына берилген садаканын чыныгы муктаждарга жетээр-жетпеси белгисиз экенин жана комиссиянын иши ачык-айкын экенинен күмөн санап жатканын билдирди.

Битир-садаканы маале башчыларына же имам-хатибдерге берүү сунушу 6-июнда айтылган. Бирок анда бул мажбурлоо эмес экени жана жарандар кимге берүүнү өзү чече тургандыгы кошумчаланган.

Дин иштери жана каада-салттарды көзөмөлдөө комитетинин басма сөз катчысы Афшин Муким мындай чечим маале башчылары жашоочулардын кимиси жардамга көбүрөөк муктаж экенин жакшы билгендиктен улам кабыл алынганын билдирди.

Гиссар аймагынын башкы имам-хатиби Азалшо Шарифзода аларда муктаж мусулмандардын тизмеси бар экенин жана чогулган садака ошолорго бөлүнүп бериле турганын айтты. «Битир-садака бергендер акчанын каякка кеткенин көзөмөлдөй алышат. Маале жашоочулары бири-бирин жакшы билишет. Ошондуктан акчанын чынында эле муктаждарга жеткен-жетпегенин оңой эле тактап алууга болот», - деди ал.

XS
SM
MD
LG