Ссылки доступа

Боронов: “Коопсуз шаар” долбоорун күзүндө баштайбыз


Бул тууралуу бүгүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңеште “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча өкмөттүк саат учурунда билдирди.

Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу боюнча бир ай ичинде сынак жарыяланат жана күзүндө Бишкек шаарында камералар коюла баштайт.

- Биринчи этабында негизги басымды жол эрежелерин бузуу жана кырсыктарды төмөндөтүүгө басым жасап жатабыз. Биринчи тапта коюлган камералар алты түрдүү жол эрежелерин аныктайт. Линиядан ашып кеткенди (стоп линия), ылдамдын режимин ачуу, кызыл түстө өтүп кетүү, каршы тилкеге чыгуу, жол чиймесиндеги линияларын бузуу, токтоо жана токтотуп туруу эрежелерин бузуу. Муну 14кө чейин жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Бороновдун айтымында, учурда Бишкекте тест түрүндө төрт камера иштеп жатат. Ал эми “Коопсуз шаар” “Акылдуу шаар” же “Санарип шаар” долбоорунун бир компоненти.

XS
SM
MD
LG