Ссылки доступа

Мирзиёев бажычыларды «эң башкы паракорлор» деп атады


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Фергана облусундагы видеоселектордук жыйын маалында импорттун абалы боюнча нааразылыгын айтып, бажычыларды катуу сынга алды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

«Мен ансыз деле силердин бир тобуңарды түрмөгө камадым. Силер булбул сымал бири-бириңерге каршы көрсөтмө берип, кандай пара бергениңерди айтып жатасыңар. Өзүңөрдү чынчыл көрсөткүңөр келет. Эң башкы паракорлор силерсиңер», — деди Мирзиёев бажычыларга кайрылып.

Мамлекет башчы буга чейин финансисттерди «келемиштер», прокуратура кызматкерлерин «уурулар» деп атаган. Андан тышкары Мирзиёев 19-январда Сурхандарья облусунун активдери менен жолуккан маалда «текебер иттер», «мекендин чыккынчылары», «силер бизди уят кылган паракорсуңар» деген сөздөрдү айткан.

XS
SM
MD
LG