Ссылки доступа

Дональд Трамп: АКШ «мигранттардын лагери» болбойт


Техас штатындагы мигранттар үчүн тразиттик борбордун алдындагы акция. 17-июнь, 2018-жыл
Техас штатындагы мигранттар үчүн тразиттик борбордун алдындагы акция. 17-июнь, 2018-жыл

АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар «мигранттардын лагери» болбой турганын айтып, демократтарды иммирациялык мыйзам иштеп чыгууда администрация менен кызматташууну каалабайт деп айыптады.

18-июнда Улуттук космикалык кеңештин Ак үйдөгү жыйынында сүйлөгөн Трамп анын миграциялык саясатына байланыштуу дарегине айтылган кескин сындар боюнча өз пикирин билдирди. Президенттин айтымында, АКШ качкындарды багуучу мамлекет болбойт. Трамп өлкөгө — сиңирген эмгектерге негизделген иммиграциялык система керек экенин дагы бир жолу белгиледи.

АКШда мыйзамсыз мигранттардан турган үй-бүлө мүчөлөрүн бири-биринен ажыратууга байланышкан талаш-тартыштар тынчыбай келет. Буга чейин өлкөдө мындай тажрыйба сейрек колдонулуп келсе, азыр федералдык агенттер башкалка алууну каалаган же өлкөгө мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган иммигранттарды бири-биринен көп эле ажыратып келишет. Акыркы алты апталык мезгил ичинде 2000ге жакын эрезеге жете элек бала ата-энесинен ажыратылганын өткөн жумада Трамптын администрациясы кабарлаган.

Өкмөт тарабынан таркатылган видеотасмага ылайык, ата-энесинен ажыратылган өспүрүмдөр жакшы шарттарда жашашат. Анткен менен Трамп жарыялаган саясаттын айланасындагы талаш-тартыштар токтобой келет.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад аль-Хуссейн балдарды кысымга алуу аркылуу миграцияны азайтуу аракетин «чектен чыгуу» деп атады.

Бул маселе боюнча АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп дагы өз пикирин билдирди:

«Трамп айым балдардын үй-бүлөсүнөн ажыратылып жатканын жүрөгү сыздап көрүүдө жана эки тарап тең ийгиликтүү иммиграциялык реформа жасоо үчүн өз аракеттерин бириктире алат деп ишенүүдө», – деп билдирди жекшембиде анын басма сөз кызматы. Андан тышкары билдирүүнүн текстинде АКШ «мыйзамдарды аткарган, бирок боорукерлик принциптери менен башкарылган өлкө болушу зарыл экени белгиленген.

Мурдагы биринчи айым Лора Буш The Washington Post гезитине үй-бүлө мүчөлөрүн ажыратуу саясаты «катаал жана бузукулук» экенин жазды.

XS
SM
MD
LG