Ссылки доступа

Москвада жөө адамдарды сүзүп кеткен кыргызстандык эки айга камалды


Москвада жөө адамдарды сүзүп кеткен кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулу эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Орусиянын баш калаасынын Таган райондук соту кабыл алганын “РИА Новости” маалымат агенттиги жазды.

16-июнда Москвада такси айдаган кыргызстандык жаран автоунаасын башкара албай, жолдун четинде турган бир топ кишини сүзүп кеткен. Буга байланыштуу Москва шаарынын полициясы кылмыш ишин козгоп, тергөө баштаган. Мекеменин маалыматына караганда, кырсыктан жети киши жабыркаган.

Окуя болгондо тартылган тасма социалдык түйүндөргө тараган:

Орусиянын маалымат каражаттары айдоочу кыргызстандык жаран, 28 жаштагы Чыңгыз Анарбек уулу экенин кабарлашты. Алгачкы суракта ал адамдарды атайын сүзбөгөнүн, тормозду басмакчы болуп газды басып алганын айткан. Ал ошондой эле спирттик ичимдик ичпегенин жана буга чейин жол эрежесин бузбаганын билдирген.

«2-3 саат уктап, андан кийин 20 саат рулда болгом». Анарбек уулу Чыңгыздын сурак маалында айткандары.

Жабыркагандардын абалы оор эмес экендиги, алардын арасында Мексикадан барган футбол күйөрмандары бар экени айтылган.

XS
SM
MD
LG