Ссылки доступа

АКШ Ашхабадды жазаларды аткаруу системасын реформалоого чакырды


АКШнын ЕККУдагы ишенимдүү өкүлү Гарри Кэмиен
АКШнын ЕККУдагы ишенимдүү өкүлү Гарри Кэмиен

АКШ Ашхабаддагы ЕККУ борборун Түркмөнстандагы жарандык коом менен көз карандысыз ММКларды өнүктүрүүнү колдоо боюнча жигердүү аракеттерди улантууга чакырды. Бул тууралуу ЕККУнун туруктуу кеңешинин жыйынында АКШнын ишенимдүү өкүлү Гарри Кэмиен билдирди.

«Бул иш мурдагыдай эле маанилүү, анткени биз Түркмөнстанда адам укуктарынын жана негизги эркиндиктердин абалына байланыштуу олуттуу тынчсызданып жатабыз», — деди ал.

14-июнда Венада өткөн жыйында Ашхабаддагы ЕККУ борборунун башчысы Наталия Дрозд буга чейин аткарылган иштер боюнча отчет берди. Ошондой эле анда АКШнын ЕККУдагы элчиси Түркмөнстандын жазаларды аткаруу системасын реформалоо зарылдыгын белгиледи.

«Түркмөнстан бийлиги камактагы бардык адамдар тууралуу маалыматтарды бериши керек. Камактагылардын туугандары алардын кайсыл абакта экендигин жана саламаттыгынын абалы тууралуу кабардар болушу зарыл. Көптөгөн жылдардан бери эч кандай маалымат берилбеген камактагы адамдардын арасында биздин мурдагы кесиптешибиз, Батыр Бердиев дагы бар экенин өзгөчө баса белгилейбиз», - деди ал.

Бир катар эл аралык уюмдардын маалыматтарына караганда, түркмөн абактарында жүздөгөн адамдар дайынсыз жоголгон деп эсептелет. «Аларды тирүү көрсөткүлө» деп аталган эл аралык өнөктүктүн маалыматы боюнча эле Түркмөнстан түрмөлөрүндө 113 адам дайынсыз жоголгон.

Жыйында АКШ түркмөн өкмөтүн уюмдун Түркмөнстандагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө бул ишмердүүлүк үчүн зарыл болгон колдоолорду көрсөтүп, көз карандысыздыкты камсыз кылып берүүгө чакырды.

Андан тышкары АКШ Түркмөнстан бийлигин ММК эркиндигин камсыз кылууда ЕККУнун жардамын пайдаланууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG