Ссылки доступа

Түркмөнстанда дыйкандар мамлекеттин колдоосуна муктаж


Түркмөнстандын Лебап жана Дашөгүз облустарында дыйкандар айыл чарба азыктарын өндүрүү үчүн мамлекеттен убагында керектүү жардам ала албай жатышат.

"Быйыл пахта эгүү үчүн эч кандай минералдар берилген жок. Июль жакындап калды, бирок жерди ижарага алып иштеткендер жер семиртичтер жок кыйналышууда",- деди жергиликтүү дыйкандардын бири.

Мындан тышкары айыл чарба техникалары тартыш. Бир жагынан кургакчылык түйшүккө салууда.

"Эрте эгилген пахта суу жок куурап калууда. Айдап-себүү иштеринен 40 күн өткөндөн кийин минералдар менен жерди семиртип, сугаруу керек эле. Азыр 70 күндүк пахта 9-10 сантиметрге араң жетет ", - деди дашөгүздүк агроном.

Түркмөнстанда буудай жана пахта эгүү, жыйноо убактысы мамлекеттик деңгээлде аныкталат. План аткарылбаса, аткаминерлер сөгүш алып, айрымдары жумуштан бошотулат.

XS
SM
MD
LG