Ссылки доступа

Казакстанда диндер тууралуу мыйзамды кароо күзгө калды (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Азия: Казакстанда диндер тууралуу мыйзамды кароо күзгө калды. Казакстан бийлиги адамдын жүзүн жапкан кийимдерге тыюу салып, сакалдын узундугун көзөмөлдөөнү сунуштаган диндер тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү кароону күзгө калтырды. Өзбекстанда 1200дөн ашык салыкчы иштен алынды. Кыргызстанда өгөй атасы он жаштагы кыздарын катуу сабаган, учурда ал камакта, кыздар ооруканада. (Настоящее время)​

- Жаш саясатчылар эмнеге аз? Эмне үчүн жаштар чоң саясатка аралаша албай жатат? Эмне үчүн демилгелүү жаштардын сунуш-пикирлери эске алынбайт? Буга балким жаштар өздөрү күнөөлүү болуп жүрбөсүн? "Азаттык+" бул чыгарылышта саясаттагы жана саясатка келем деген жаш активисттер менен ушул суроолорго жооп издейт. (Директтен видео).

- Анна Германдын Таластагы балалыгы. Легендарлуу поляк ырчысы жана композитор Анна Германдын балалыгынын бир үзүмү Таласта калганын көпчүлүк биле бербейт. Репрессия жылдары атасы камалып кеткенден кийин кичинекей Анна, апасы, таэнеси жана иниси менен кыргыз жергесине жер которуп келип, Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында жашап калган. (Директтен видео).

- Кадамжай: кыздын өмүрүн сактаган милиционер. Кадамжайда милиционер сууда агып бараткан кыздын өмүрүн сактап калды. (Директтен видео).

- Ханышаны таң калтырган Муратбек Рыскулов. Кыргыз театрынын корифейлери, айтылуу актер жубайлар Муратбек Рыскулов быйыл 110 жашка, Сабира Күмүшалиева 100 жашка чыкмак. Ал эми алардын уулу, чыгаан режиссер Искендер Рыскуловдун театрдагы ишмердигине 60 жыл толмок. Алардын кызы жана бир тууганы Нуржамал Рыскулова жакындарынын сахнадан тышкаркы жашоосу тууралуу “Азаттыктын" сыябан-маегине келип, айтып берди. (Директтен видео).

- "ColorFest" жаштардын көңүлүн көтөрдү. Бишкектеги "Ата-Түрк" сейил багында 300гө жакын адамдын катышуусунда "ColorFest" боёк фестивалы өтүүдө. Фестиваль "Боёктор кетет, көз ирмемдер калат" деген ураан менен башталды. Боёк фестивалы 2016-жылы Ысык-Көлдө, 2017-жылы Токмокто өткөн. (Директтен видео).

- Орусия менен АКШнын ЖМКлары Путин менен Трамптын жолугушуусуна даярданышууда. (Настоящее время)​

- Сабалган эгиздер, эненин өтүнүчү. (Кыргызстандан видео)

- Зообакча эмес, жапайы айбандарды багуучу жай: Душанбе зоопаркынын бардык көйгөйлөрү. (Директтен видео)

- Астанадагы домбра күнү. 1-июлда Казакстанда Домбра күнү белгиленди. (Казакстандан видео)

- Марко Истван: дүлөй-дудук мотоциклчи 10 жылдан бери жер шарын кыдырып жүрөт​. (Директтен видео)

- Испанияда социалисттер Франконун сөөгүн мавзолейден алууну талап кылышууда. (Настоящее время)

- Бүгүнкү күндө Швециянын жолдору ЕБ өлкөлөрүнүн ичинен эң коопсузу. Өлкөдө адам өлүмүн кантип эки эсеге азайтууга мүмкүн болгон?​ (Настоящее время)​

- Сыранын жаралышы. (сүрөт баян)

- Интернеттеги расизмдин күчөшү. Орусиялык кыз-келиндер чет өлкөлүк күйөрмандар менен мамиледе болгондугу үчүн «жазаланышууда». (Настоящее время)​

- Эмнеге Путиндин рейтинги дал азыр түшүп кетти? ВЦИОМ борборунун сурамжылоосуна ылайык, президент Путиндин ишмердүүлүгүн жактыруу рейтинги бир жуманын ичинде дээрлик 9% түшүп кетти. (Директтен видео)​

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG