Ссылки доступа

Бердымухамедов Мирзиёевди Ашхабадга келип кетүүгө чакырды


Өзбекстан жана Түркмөнстан президенттери Шавкат Мирзиёев (оңдо) менен Гурбангулы Бердымухамедов.
Өзбекстан жана Түркмөнстан президенттери Шавкат Мирзиёев (оңдо) менен Гурбангулы Бердымухамедов.

Өзбекстандын жана Түркмөнстандын президенттери Шавкат Мирзиёев менен Гурбангулы Бердымухамедов телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы билдирди.

«Сүйлөшүүдө Борбор Азия аймагында коопсуздук менен туруктуулукту камсыз кылуу, транспорттук коридор менен энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү, сууну рационалдуу пайдалануу жана спорттун популярдуулугун арттыруу тууралуу Түркмөнстан президентинин эл аралык демилгелерине жогорку баа берилди», – деп айтылат басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Андан тышкары билдирүүдө Түркмөнстан президентинин быйыл апрелде жасаган жемиштүү сапары жана анын жыйынтыгында жетишилген маанилүү макулдашуулар өзбек-түркмөн кызматташтыгына жаңы динамика бергени белгиленген.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө соода, өнөр-жай, энергетика, транспорттук жана транзиттик байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле маданий-гуманитардык тармактар боюнча кызматташтыктын келечеги тууралуу сөз болду. Андан тышкары президенттер аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашышты.

Соңунда Түркмөнстан президенти өзбекстандык кесиптешин быйыл августта Ашхабадда өтө турган Аралды сактап калуу боюнча эл аралык фондго мүчө өлкөлөрдүн саммитине келип кетүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG