Ссылки доступа

Будапешттин саясатын колдогондугу үчүн Франция Венгриядагы элчисин чакыртып алды


Эммануэль Макрон

Франциянын президенти Эммануэль Макрон өлкөнүн Венгриядагы элчиси Эрик Фурньени чакыртып алды. Буга анын француз президенти менен жазышкан ачык катынын коомчулукка жарыяланып кетиши себеп болду.

Элчи Фурньенин президент Макронго, ошондой эле Франция ТИМи менен Евробиримдиктин жетектөөчү органдарына жазган кызматтык каты Mediapart деген белгилүү француз сайты тарабынан 18-июнда жарыяланган. Анда элчи Венгрия бийлигинин миграция маселесин чечүүгө карата мамилесин «үлгүлүү» деп эсептей турганын жазган. Ал венгрлер «мыйзамсыз мигранттардын агымынан улам жаралган маселелерди алгачкылардан болуп түшүнгөнүн» белгилеген. Бирок Mediapart сайтынын билдиришинче, Фурнье Венгриянын чек арасына дубал тургузуу жана «венгрия полициячыларына мигранттарды желим ок менен атууга мүмкүндүк берген» мыйзам жөнүндө эч нерсе жазган эмес.

Ошол эле маалда элчи Венгриянын Конституциясына сунушталган өзгөртүүлөрдү колдой турганын айткан. Өзгөртүүлөрдө өлкө аймагына «чет өлкөлүктөрдүн» көчүп келүүсүнө тыюу салуу жана мамлекеттик органдарды «христиан маданиятын коргоого» милдеттендирүү каралган.

Өз катында Эрик Фурнье Европанын Будапештти айыптаган билдирүүлөрүн «мадьярофобия» деп атап, Венгрияга каршы репрессиялык чараларды колдонбоого чакырган.

XS
SM
MD
LG