Ссылки доступа

Өзбекстан Гүлнара Каримованын акчаларын кайтаруу боюнча Швейцария менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө


Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримованын Швейцарияда тоңдурулган акчаларынын бир бөлүгүн кайтарып алуу боюнча иштер жүрүп жатканын ырастады.

Көзөмөл органдын басма сөз катчысы Сурайё Рахманова азырынча Швейцария прокуратурасы менен сүйлөшүүлөр аяктай электигин билдирди.

«Бул маселе азыр Швейцариянын прокуратура органы менен кызматташтыкта чечилүүдө. Маселе чечилээри менен дароо расмий билдирүү жасайбыз», — деди басма сөз катчы.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримованын тагдыры тууралуу маалыматты расмий сайтына былтыр 28-июлда жарыялаган. Ага ылайык, 2015-жылы августта Ташкент соту Каримованы салык төлөөдөн качуу, акча уурдоо, пара талап кылуу, оффшордук компаниялардагы документтерди жок кылуу боюнча күнөөлүү деп таап беш жылга эркиндигин чектеген.

21-22-июнь күндөрү адвокаттар Гүлнара Каримова менен жолуга алгандыктары кабарланган.

Гүлнара Каримованын Швейцария банктарында тоңдурулган каражатынын жалпы суммасы дээрлик 810 миллион АКШ долларын (800 миллион швейцария франкын) түзөт. 18-июнда Щвейцария банктары өлкөнүн прокуратурасынан расмий Ташкентке 800 миллион фрактын 686,7 миллионун тез арада берүү зарылдыгы тууралуу ордер алышканын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG