Ссылки доступа

Болтон: АКШ менен Орусия Крым боюнча кайчы пикирден кайта элек


Акүйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуу учурунда Москва тарабынан Крымдын мыйзамсыз аннексияланышы тууралуу сөз болгонун билдирди.

Болтон 27-июнда Путин менен Москвада жолуккан. Ал CBS телеканалынын Face the Nation программасына маек берип жатып, “Бул боюнча президент Путин мени менен ачык сүйлөштү. Мен Украина боюнча пикир келишпестиктер бар экенин моюнга алуу керектигин айттым”, - деди.

Путин менен Трамптын толук кандуу эки тараптуу жолугушуусу 16-июлда Хельсинкиде өтө турган болду. Трамп 29-июлда Крымды Орусиянын аймагы катары таануу ыктымал экенин четке каккан жок.

Трамп Air Force One бортунда журналисттердин Акүй Крымдын аннексиясын тааныбай турган көп жылдык позициясынан баш тартышы мүмкүнбү деген суроосуна: “Көрөбүз”,- деп жооп берген.

Болтон Крымдын аннексиясы боюнча Вашингтон мурдагы көз карашынан баш тартышы ыктымал деген божомолдорду четке какты.

XS
SM
MD
LG