Ссылки доступа

Эмомали Рахмон: Туристтерден пара талап кылгандар – улут саткындары (видео)


Тажикстан президенти чет өлкөлүк туристтерден жана саякатчылардан пара талап кылып, орой мамиле жасаган күч түзүм кызматкерлерин катуу жазалоону тапшырды.

“Мындай кишилерди улут саткындары катары жарыялоо керек”, -деп билдирди Эмомали Рахмон Согди облусунун активдери менен жолугушуу учурунда.

Тажик лидеринин айтымында, паракор жана орой күч түзүм кызматкерлеринин айынан туристтер Тажикстанга келүүдөн баш тартышууда. “Эң эле жаманы – дүйнөлүк аренада өлкөнүн кадыр-баркы кетүүдө”, - деп белгиледи Эмомали Рахмон.

Рахмон конокторду жана туристтерди улуттук маданият, каада-салт менен тааныштыруу – чек ара жана бажы өткөрмө бекеттеринен башталарын эскертти. Президент милиция кызматкерлери, бажычылар жана чек арачылар мындан ары туристтерден акча талап кыла турган болсо, катуу жазага тартыларын айтты.

Тажик МАИ кызматкерлери румын саякатчыларынан акча талап кылууда
Тажик МАИ кызматкерлери румын саякатчыларынан акча талап кылууда

Румынские путешественники в Таджикистане столкнулись с мздоимством "гаишника"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:55 0:00

XS
SM
MD
LG