Ссылки доступа

Украина товарларын Казакстан жана Кыргызстанга жеткирүүнү чектөө узартылды


Орусия 2-июлда Украина продукцияларын өз аймагы аркылуу Казакстан жана Кыргызстанга жеткирүүнү чектөөнү дагы жарым жылга узартты. Тиешелүү жарлыкка президент Владимир Путин кол койду.

Мурдагы чектөөлөрдүн мөөнөтү 30-июнда бүткөн, жаңы чаралар 2019-жылдын 1-январына чейин колдонулат.

2015-жылдын декабрь айында Орусия Украина менен соода карым-катнашын чектеген бир катар чечим кабыл алган. Анын ичинде Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) алкагында бул өлкө менен эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү келишимди токтоткон. Чектөө чаралары 2016-жылы 1-январда күчүнө кирген.

Ошол эле жылы 2-январда Украина орусиялык товарларга импорттук алым киргизген.

2016-жылдын 1-январынан тарта Орусия өз аймагы аркылуу украин товарларын экспорттоого толугу менен тыюу салган. Украинанын Экономиканы өнүктүрүү министрлигинин эсеби боюнча транзиттин көлөмү жылына 1,8 миллиард долларды түзгөн.

Украин тарап Орусия Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун алкагындагы милдеттенмелерин бузуп, автомобиль жана темир жол транспорту аркылуу украин товарларын жеткирүүгө бөгөт койгонун билдирип келет.

XS
SM
MD
LG