Ссылки доступа

Өзбекстанда маяна, пенсия, стипендия көбөйөт


Өзбекстанда 15-июлдан тарта айлык маяна, пенсия жана стипендия орто эсеп менен 1,07 эсеге көбөйөт. Тиешелүү буйрукка 2-июлда президент Шавкат Мирзиёев кол койду.

15-июлдан тарта эң аз айлык акы – 184, 300 сумду (азыр – 172 240 сум) (23 доллар) түзөт. Пенсия -360 460 сум, жөлөк пул 221 190 сум болот.

Өзбекстанда акыркы жолу айлык маяна, пенсия жана стипендия 2017-жылы 1-декабрда 1,15 эсеге көбөйгөн.

XS
SM
MD
LG