Ссылки доступа

Тажик кыздарын алган чет өлкөлүктөргө 50 миң доллар калың төлөтүү сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Белгилүү тажик акыны Адиба Азиз өлкөнүн мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизип, Тажикстандагы кыздарга үйлөнгөн чет өлкөлүктөрдү 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө калың төлөтүүгө милдеттендирүүнү сунуштады.

Акындын бул сунушу социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратты.

Адиба Азиздин айтымында, чет өлкөнүн жараны төлөгөн акчанын жарымы кыздын эсебине которулуп, калганы туура бешке бөлүнүп, кыздын ата-энесине, мамлекеттик бюджетке, жетимдерге, майыптарга жана карыларга берилиши керек.

Бул сунушту баарынан да аялдар көбүрөөк колдогон. Алар мындай мыйзам тажик аялдарынын баалуулугу менен беделин арттырат деп эсептешет. Алардын айрымдары коңшу Түркмөнстанда дагы ушундай эле мыйзам киргизилип, ал ортодогу мамиле бузулганда түркмөн аялдарынын жана балдарынын укуктарын коргоого жардам берип жатканын айтышкан.

Анткен менен талкууга катышкандардын бир тобу бул демилгеге каршы экендиктерин билдирип, мыйзам «аялдардын укуктарын бузуп, аларды товарга айланта турганын» белгилешти. Башкалары болсо мындай чектөөлөр аялдарын кордогон тажик эркектерине дагы киргизилиши керектигин айтышты.

2011-жылы Тажикстан парламенти Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизген. Ага ылайык, тажик кыздарына үйлөнүүнү каалаган чет өлкөлүктөр нике келишимине кол коюп, аялын турак-жай менен камсыз кылуу милдеттенмесин алышат. Бул өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин тажик жарандарына үйлөнгөн чет өлкөлүктөрдүн саны он эсеге азайган.

XS
SM
MD
LG