Ссылки доступа

Чет өлкөдөн кайткан түркмөн студенттери коопсуздук органына чакырылууда


Чет өлкөдөгү окуу жайларда билим алган түркмөн студенттери мекенине кайткандан кийин «аңгемелешүү» үчүн коопсуздук органдарына чакырылууда. «Түркмөнстандын альтернативалык жаңылыктары» кабарлагандай, анда укук коргоо органдары алардан башка студенттер тууралуу маалыматтарды сурашат.

Учурда Түркияда аспирантурада окуп жаткан Аман мекенине кайткан сайын өзү дагы, достору дагы дайыма коопсуздук органдарына чакырыла турганын айтты.

«Түркияда окуп жүргөндөрдүн арасында элчилик тарабынан атайын дайындалгандары бар. Алар студенттердин жашоосу, жатаканадагы окуялар тууралуу маалыматтарды жеткирип турушат. Студенттердин көбү аларды сыртынан билгендиктен, өздөрүн сак алып жүрүшөт. Коопсуздук органындагылар студенттер арасындагы өз адамдарына ишенишпейби же алардын маалыматтарын текшереби, айтор бизди чакырып турушат», — деди Аман.

Анын айтымында, коопсуздук органдары студенттерден чындыкты айтууну талап кылып, баарын биле тургандыктарын эскертишет:

— Биз баарын билебиз. Болгону сенин «патриот» же «патриот» эмес экениңди текшеребиз. Сен ким менен байланыштасың? Ижарага батир аласыңбы же жатаканада жашайсыңбы? Түркмөн студенттеринен кимди билесиң, алар жөнүндө маалымат бере аласыңбы? Демөөрчүлөр же студенттерге жардам берген фонддорду билесиңби? Ал өлкөдөгү саясий уюмдар менен мамилең кандай? Социалдык түйүндөргө кызыгасыңбы, ал жактарга билдирүүлөрдү жазасыңбы? Түркмөнстандагы кырдаал тууралуу басылмаларга маалымат берген же алар тууралуу социалдык түйүндөргө жазган студенттерди билесиңби? Эгер сен мекендиңди сүйсөң бул суроолорго жооп беришиң керек. Антпесең сенин үй-бүлөң Түркмөнстанда кантип тынч жашайт? Түркиядагы окууңду аяктагандан кийин биз менен комитетте иштесең болот.

Улуттук коопсуздук кызматынын аты-жөнүн билдиргиси келбеген өкүлдөрү аңгемелешүүгө диний уюмдар менен байланышы бар студенттер гана чакырылып, аларга ушул теманын айланасындагы суроолор гана бериле турганын айтышты.

XS
SM
MD
LG