Ссылки доступа

Тажикстан өлкөдө өндүрүлгөн цементти сатууну өз көзөмөлүнө алууда


Тажикстандагы бир нече цемент заводуна ээлик кылган Кытайдын «Хауксин» компаниясы мындан ары Өзбекстанга цементти Ташкенттеги тажик Соода үйү аркылуу сатуу милдеттенмесин алды.

Буга чейин компания цементти коңшу өлкөгө өз алдынча сатып келген. Бирок чек аралар ачылып, виза маселеси чечилгенден кийин Тажикстан бул процессти өз көзөмөлүнө алууну чечти.

Тажикстандын Ташкенттеги Соода үйүнүн директору Хамрохон Ганиевдин айтымында, мекеме өлкөдөгү бардык цемент өндүрүүчүлөрдөн продукцияларын мамлекеттик уюм аркылуу сатууну талап кылууда.

«​Биз бул боюнча кытай тарап менен сүйлөштүк. Бирок алар былтыр Тажикстандын Соода үйү уюшула электе эле Өзбекстандагы өнөктөштөрү менен келишим түзүшкөнүн, азыр андан чыга албай тургандыктарын айтышты. Келишим мөөнөтү 2018-жылы декабрда аяктайт. Биз келишимди узартпоону жана цементти Ташкенттеги Соода үйү аркылуу гана сатууну өтүндүк», — деди Ганиев.

Анын айтымында, Өзбекстан менен чек аралар ачылгандан кийин цементтин экспорту бир канча эсеге өсүп, жыл соңуна чейин анын көлөмү 500 миң тоннадан ашат деп күтүлүүдө. «Тажикстанда цементтин баасы арзан эмес, бирок сапаты абдан жакшы. Биз Кыргызстандан дагы, Казакстандан дагы цемент алып келебиз. Бирок ички базарда тажик цементине атаандаш жок», деди Хамрохон Ганиев.

XS
SM
MD
LG