Ссылки доступа

Хельсинкидеги жолугушуу алдында Путин менен Трамп жабык сүйлөшүү өткөрүшү мүмкүн


Владимир Путин менен Дональд Трамп Гамбургда. 7-июль, 2017-жыл
Владимир Путин менен Дональд Трамп Гамбургда. 7-июль, 2017-жыл

Орусия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын Хельсинкидеги жолугушуусунун алдында эки лидер жардамчыларысыз жабык сүйлөшүү өткөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу 3-июлда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Хельсинкиде 16-июлда өткөрүү пландалган жолугушууга даярдык көрүү маселеси АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жолугушуусу маалында дагы талкууланды. Анда эки саясатчы Сириядагы абалды жана Түндүк Кореяга карата чыңалууну азайтуу боюнча аракеттер тууралуу дагы сүйлөштү.

Москва менен Вашингтондун мамилеси акыркы кездери «кансыз согуш» аяктагандан берки эң начар деңгээлге жетти. Бул Орусиянын Крымды аннексиялап алгандыгына, Сирия менен Украина чыгышындагы куралдуу кагылышуулардагы Москванын ролуна, ошондой эле Орусиянын 2016-жылкы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсүнө байланыштуу.

Дүйшөмбү күнү Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президент Владимир Путин АКШнын мамлекет башчысы Дональд Трамп менен Орусия өзүнүн бөлүгү деп санаган Крым аймагынан башка бардык маселени талкуулоого даяр экенин билдирген.

АКШнын расмий бийлик адамдары Хельсинкидеги сүйлөшүүдө Орусиянын 2016-жылкы шайлоого кийлигишүүсүнүн талкуулануу ыктымалдыгы тууралуу эч кандай божомолдорду айта элек. Америкалык атайын кызмат өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, Путин АКШдагы шайлоочуларга таасир этүү үчүн аракеттерди күчөтүү тапшырмасын берген. Бирок Трамп мындай билдирүүлөрдү бир канча жолу сынга алган.

XS
SM
MD
LG