Ссылки доступа

АКШ Сенаты: Кремль Трамптын жеңүүсүнө көмөктөшкөн


АКШ Сенатынын Чалгындоо комитети 2016-жылдагы шайлоодо Орусия Дональд Трамптын кампаниясына колдоо көрсөтүү үчүн кийлигишкен деген чалгындоо коомчулугунун бүтүмүн колдоду.

«Комитет чалгындоо коомчулугунун иликтөөсүн жана алар таянган булактарды бир жарым жыл иликтеди жана анын бүтүмдөрүн талашууга эч кандай негиз тапкан жок», – деп айтылат комитет төрагасы Ричард Берр тараткан маалыматта.

Бирок сенаторлордун позициясы менен Өкүлдөр палатасынын Чалгындоо комитетинин баасы бир болуп чыккан жок. Өкүлдөр палатасынын Чалгындоо комитети быйыл мартта Орусиянын америкалык шайлоого кийлигишүүсү боюнча өз баяндамасын жарыялаган. Анда Орусия Трамптын жеңишин каалаган деген пикир жаңылыш экени айтылган. Документтин авторлору Трамптын шайлоо штабы менен Кремлдин кутумун далилдей турган ачык маалыматтар жок экенин да баса белгилешкен. Орусиянын АКШдагы шайлоого ыктымал кийлигишүүсүн атайын прокурор Роберт Мюллер иликтөөдө.

Америкалык басылмалар Сенат комитетинин баяндамасы 16-июлда Хельсинкиде өтө турган Трамп менен Путиндин жолугушуусуна доо кетириши мүмкүн экенин жазышууда. Сенаторлор орус атайын кызматтары Трампка жардам гана бербестен, бул ишти Владимир Путиндин жеке көрсөтмөсү менен жасашкан деген пикир менен да макул болушту.

XS
SM
MD
LG