Ссылки доступа

«Уздонмахсулот» компания башчысынын күйөө баласы пара менен кармалды


«Уздонмахсулот» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Сурат Хайдаров жана анын күйөө баласы Жамшид Шарипов Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалды.

«Уздонмахсулот» компаниясынын кызматкерлеринин биринин айтымында, басма сөз катчы болуп иштеген Сурат Хайдаровдун күйөө баласы Жамшид Шарипов Ташкент облусундагы ун чыгаруучу заводдордун бирин сатууда пара алып жаткан маалда кармалган.

–Ал күнү Жамшид Шарипов Жизак облусундагы «Даштабад» дан кабыл алуу жайынан кайтып келе жаткан. Аны автомагистралда ири өлчөмдө пара алып жаткан маалда кармашкан. Пара Ташкент облусундагы ун чыгаруу заводдорунун бирин сатуу үчүн берилген. Хайдаров күйөө баласы менен бирге Жизак облусунда командировкада жүргөн. Күйөө баласын кармоо учурунда Хайдаров Жизактан качып, Ташкентке барган. Бирок ошол эле күнү кечинде ал өз үйүндө кармалган , –деди компания кызматкери.

Хайдаров жана анын күйөө баласы кармалгандан кийин атайын кызмат өкүлдөрү акционердик компания башчысынын жумуш бөлмөсүн бекитип, мөөр басып кетишкен.

XS
SM
MD
LG