Ссылки доступа

Астанага 20 жыл (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Москва облусунда мигранттар көчөдө калды. Москва облусунда 250дөн көп өзбекстандык мигранттар мекенине кете албай бир нече күн көчөдө калышты. Польшада талаштуу сот реформасына каршылык күчөдү. Европа Биримдиги да Варшава бийлигинин үстүнөн бул реформа боюнча териштирүү баштады. Беларуста фашизмдин калдыктарынан арылууга үндөгөн акцияда оппозициянын лидерлери кармалды. (видео)

- Түндүк-Түштүк жолу: доомат, суроо жана факты. Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирген алтернативдүү жолдун 2014-жылы башталган курулушу аяктай элек. Бул аралыкта бир миллиард долларга бааланган ири долбоордун айланасында ар кандай кептер тарап, Жогорку Кеңеште коротулган каражаттын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Долбоорду ишке ашырып жаткан Кыргызстандын Транспорт министрлиги дооматтарды четке кагып, курулуш иштери менен журналисттерди жеринен тааныштырып, иштин чоо-жайын түшүндүрүүгө аракет жасады. (видео)

- Памирликтер кичи мекенине кайтышты​. Былтыртан бери Нарында жашап жаткан кырктан ашуун памирлик кыргыздын он сегизи бүгүн Ооганстанга жөнөп кетти. Эки үй-бүлө кыргыз өкмөтү турак жай бербесе келе албасын айтышты. Нарын шаарындагы кесиптик лицей менен орто мектепте окуп жаткан балдар күзүндө кайра келип, окуусун улантары кабарланды. (видео)

- Масалиев: Президентти мактоого али эрте (видео)

- Азербайжан жарыксыз калды. (Настоящее время)​

- Астанага 20 жыл. (сүрөт баян)

- Футбол чемпионатынан улам Москва облусунда 300гө жакын өзбекстандык мигрант көчөдө калды​. (Өзбекстандан видео)

- Дарыгерлер баланын денесинен 10 ийне табышты. Тажикстанда дарыгерлер 9 айлык наристенин денесинен 10 ийне табышты. Медиктер бала аларды өзү жутуп алмак эместигин айтышууда. (Тажикстандан видео)

- Таиландда үнкүрдө калган өспүрүмдөрдү тышка чыгаруу эмне үчүн кыйынга турууда? (Настоящее время)​

- Эмнеге «Тазалыктын» басма сөз катчысы көчөлөрдү шыпырып, гүл отургузууда? Жибек Каракеева – Бишкектеги «Тазалык» муниципалдык ишканасынын басма сөз катчысы. (Директтен видео)

- Профессор Гионис Кыргызстанга Майло деген роботту алып келди.Профессор, аутизм боюнча адис Елена Гионис Түштүк Каролина штатында жашайт. (Директтен видео)

- Полиция Астанада ачкачылык жарыялаган үлүшчүлөрдү кармап кетти. (Казакстандан видео)

- Марадона орусиялык жаш күйөрманы менен жолукту. (Директтен видео)

- Качкындар Кызыл аянтта. Москвадагы Кызыл аянтта Орусияда жашаган качкындардын катышуусунда футболдук мелдеш өттү. (видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG