Үлүшчүлөрдүн бири Гүлнара Касымованын айтымында, административдик соттун чечими менен Динара Сабдинова менен Светлана Абылкасымова 140 доллардан айыппулга жыгылышты. Дагы эки үлүшчүгө эскертүү берилди. Соттук териштирүү бир жарым саатка созулган.
3-июлда астаналык үлүшчүлөр "Орда Инжиниринг" компаниясынын ишине нааразылык билдирип, ачкачылык жарыялашкан. Алар компания үйлөрүн былтыр декабрда салып бүтүрүүгө тийиш болгонун, бирок азыр айрымдарынын каркасы гана тургузулуп, кээ биринин чатыры гана жабылганын айтышкан.
Үлүшчүлөрдүн акциясы башталганына бир саат боло электе полиция менен прокуратура кызматкерлери келип, аларды автобуска салып алып кетишкен.