Ссылки доступа

Түркмөнстандын Беларуска карызы 43 млн долларды түздү


Түркмөн компанияларынын Беларуска карызы 2018-жылдын биринчи чейрегинде 6 эсеге көбөйүп, 85 миллион рублды (43 миллион долларга жакын) түздү.

"Хартыя97" басылмасы билдиргендей, Түркмөнстандагы эң ири чет өлкөлүк долбоор – Гарлык калий комбинаты ийгиликсиз аяктады. Натыйжада түркмөн бюджети 200 миллион доллар зыянга учурады.

Басылманын маалыматына караганда, беларус компаниялары курулуш материалдарын сатып алууда ири акча өөнөгөн. Маселен, "Белгорхимпром" купершлак металл күкүмдөрүнүн тоннасын 190 доллардан алган, бул материал Орусияда үч эсе арзан турат. Жыйынтыгында аны 30 эмес, 90 миң долларга сатып алышкан.

Гарлык тоо-кен байытуучу комбинатынын ачылыш аземи 2017-жылы мартта Түркмөнстан жана Беларус президенттери Гурбангулы Бердымухамедов менен Александр Лукашенконун катышуусунда өткөн.

Долбоор үчүн түркмөн бюджетинен 1 миллиард доллар сарпталган. Комбинат жылына 1 миллион 400 миң тонна калий жер семирткичин чыгарууга кудуреттүү экени айтылган.

Тоо-кен байытуучу коминаттын пайдубалы 2009-жылы түптөлгөн. Курулушту жүргүзгөн "Белгорхимпром” беларус компаниясы ишти 2015-жылы бүткөрүүнү пландаган. Бирок тараптардын пикир келишпестиктеринен улам курулуш дагы эки жылга создугуп кеткен.

XS
SM
MD
LG