Ссылки доступа

CNN: Трамп Венесуэлага каршы күч колдонуу ыктымалдыгын жокко чыгарган эмес


АКШ президенти Дональд Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэланын авторитардык өкмөтүнө каршы күч колдонуунун максаттуулугу боюнча жардамчылары менен сүйлөшкөн. Бул тууралуу CNN телеканалы администрациядагы өз булактарына таянып билдирди.

Маалыматка караганда, бул маселе былтыр августта, Каракаска каршы экономикалык санкцияларды киргизүү боюнчаАк үйдөгү жыйын маалында көтөрүлгөн. Анда жардамчылар АКШнын Латын Америкадагы союздаштары күч колдонууга терс көз карашта экенин белгилешип, Трампты мындай кадамга барбоого үндөшкөн.

«Баары бир күч колдонуу боюнча эч кандай ыкчам пландар болгон эмес. Президент болгону Венесуэлада каатчылык жараткан качкындар маселесин чечүүнүн түрдүү жолдорун караштырып жаткан», - деп билдирди CNNдин булагы.

Ал жыйындын эртеси Трамп журналисттер менен сүйлөшүп, Венесуэладагы каатчылыкты жөнгө салуу үчүн күч колдонууга барбай турганын билдирген. Былтыр сентябрда Трамп БУУнун кезектеги сессиясынын ачылышына Нью-Йоркко барган латын америкалык лидерлердин көбү менен жолуккан. Алардын баары тең куралдуу кол салуу идеясына каршы экендиктерин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG