Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, украин жарандары Ташкентке 16-майда барып, банкта депозиттик уяча ачышкан. Андан бери алар каржы мекемесинин иш режимин жана күзөт системасына байкоо салып жүрүшкөн.
«Шектүүлөр Кыргызстандан алган атайын жабдуулардын жардамы менен банктын депозиттик уячаларын ачууга аракет кылып жаткан маалда ШИИБ кызматкерлери тарабынан кармалды», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.
2017-жылдагы маалымат боюнча Orient Finans Bankтын капиталы 1,5 триллион сумду түзөт. Акционерлеринин 80 пайызы жеке адамдар болуп эсептелишет.
Orient Finans Bank башкармалыгынын төрагасы Рустам Парпиев. Ал Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы башчысы Батыр Парпиевдин уулу жана Өзбекстан атайын кызматынын мурдагы жетекчиси Рустам Иноятовдун күйөө баласы.