Ссылки доступа

Президент Трамп 6-июлдан тарта кытай импортуна салык киргизди


Жумага оогон түндөн тарта Кытайдан АКШга экспорттолгон бир нече товарга импорттук алымдар киргизилди. Бул тууралуу бейшембиде Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп билдирген.

25 пайыздык импорттук салык трактордун сокосунан тарта учак чыгарууда колдонулуучу жабдууларга чейин киргизилди. Анын жалпы суммасы 34 миллиард доллар деп эсептелди. Эгер Кытай тарап ушундай эле жооп кайтарса, бул сумма эки жумадан кийин 50 миллиард долларга чейин өсүшү мүмкүн.

Трамптын айтымында, бул чаралар Пекин америкалык товарлар үчүн кытай рыногун ачуудан баш тарткандыгы үчүн киргизилди. Ошондой эле америкалык жогорку технологиялык компанияларды коргоо зарыл.

Кытай жооп берүүдө буйдалган жок. Пекин америкалык айыл чарба өнүмдөрүнө импорттук салык киргизерин билдирүүдө.

34 миллиард доллар – бул бир жылда АКШга экспорттоло турган кытай товарларынын бир пайызынан аз. Бирок талдоочулар Кытайдын контрчабуулдары жаңы америкалык санкциялардын киргизилишине шарт түзүп, эки өлкө ортосундагы ири соода согушун пайда кылат деп эскертишүүдө. Бул болсо дүйнөлүк экономикага кедергисин тийгизиши ыктымал. Ансыз деле Кытайдын соода биржаларында бир нече айдан бери акциялардын курсу төмөндөөдө.

Трамп тобокелчиликтерге карабай, АКШдагы бардык кытай экспортуна жогорулатылган салык салууга даяр экенин эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG