Ссылки доступа

Трамп Лондонго сапарын Тереза Мэйди сындоо менен баштады


АКШ президентинин сапарына каршы нааразылык акциясы
АКШ президентинин сапарына каршы нааразылык акциясы

Бейшембиде расмий сапары менен Улуу Британияга барган АКШ президенти Дональд Трамп британиялык Sun басылмасына интервью берди.

Анда Трамп Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэйдин өлкөнүн Европа биримдиктен чыгуусуна байланышкан бир нече маанилүү чечимдерин сынга алды. АКШ президентинин айтымында, Терезе Мэй анын Брекзит боюнча берген кеңештерин колдонгон эмес. «Ал тандап алган башка жол ийгиликтүү болду деп айта албайм. Мэй башка эч кандай альтернатива көргөн эмес өңдүү», — деди Трамп.

АКШ менен Европа биримдигинин ортосундагы соода согушу тууралуу айткан Трамп Мэй тандан алган Брекзиттин «жумшак» варианты ЕБ менен кеңири экономикалык байланыштарды сактап кала тургандыктан, ал америка-британ соодасынын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизе турганын белгиледи.

Трамп ошондой эле Лондондун мэри Садик Ханды терроризм коркунучун жеңе алган жок деп сындады. АКШ президенти анын Улуу Британияга жасаган сапарына каршы өтүп жаткан нааразылыктарга комментарий берип, буга чейин Лондон ага абдан жагып келген болсо, эми бул шаарга дагы келүүгө эч кандай себеп жок экенин айтты.

Брекзит маселеси боюнча Тереза Мэй менен бир пикирге келе албагандыктан улам отставкага кеткен британ тышкы иштер министри Борис Жонсон тууралуу пикирин билдирген Трамп «анда өлкөнүн мыкты башкаруучусу болуу үчүн бардык керектүү сапат бар экенин» айтты.

XS
SM
MD
LG