15-июлда жергиликтүү убакыт боюнча 22:30да Sevimli TV телеканалында эротикалык окуялар камтылган“I Feel Pretty” тасмасы көрсөтүлгөн.
Ошол эле күнү көрүүчүлөрдүн белгилүү бир тобу өзбек менталитетине каршы келген фильмди көрсөткөнү үчүн телеканалды каралоо кампаниясын баштаган. Алардын айрымдары телекомпания жетекчилигине карата катаал чараларды көрүүнү талап кылган.
16-июлда телеканал жетекчилиги көрүүчүлөрдөн кечирим сурап, интимдик учурларды обого коё берген кызматкерлер иштен алынганын кабарлады.
Sevimli TV телеканалынын кызматкерлеринин бири билдиргендей, бул жаңжалдан кийин үч кызматкер жумуштан алынды.
– Адатта чет өлкөлүк фильмди көрсөтүү алдында биздин кызматкерлер аны толук карап чыгып, улуттук менталитетке каршы келген кадрларды кесип салышат. Тасма эфирге жекшембиде чыккан, ал күнү жумушта аз киши болгон, андыктан алар тасманы монтаждоону унутуп коюшкан, –деди ал.
Sevimli TV телеканалында тыюу салынган тасмалардын тизмеси жок. Бирок тасмадагы эротикалык сахналарды, күндүз +18 белгиси бар фильмдерди көрсөтүүгө болбойт.